Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москвадагы массалык мушташка катышкан 42 кыргыз жаранына жаза берилди

15.07.2021 13:26
1095
Москвадагы массалык мушташка катышкан 42 кыргыз жаранына жаза берилди


Москванын Кузьминск соту "Кузьминки" метросундагы мигранттардын ортосундагы массалык мушташтын 30дан ашуун катышуучусун административдик укук бузганга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


"Шейшемби жана шаршемби күндөрү орун алган мушташта кармалган 42 жаран күнөөлүү деп табылып, алардын ар бири 15 күндүк административдик камакка алынды. Жакынкы күндөрү массалык мушташтын башка катышуучулары боюнча материалдар сотко жөнөтүлөт. Буга чейин мушташтын катышуучулары Орусиядан чыгарылары айтылган. Жалпысынан полиция мушташтын 103 катышуучусун кармаган. Кармалгандардын айрымдарына Административдик кодекстин беренелери боюнча "чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу жана майда бейбаштык" боюнча протоколдор түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн