Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москвадагы массалык мушташтан улам мигранттарды текшерүү күчөдү (видео)

16.07.2021 16:46
1032
Москвадагы массалык мушташтан улам мигранттарды текшерүү күчөдү (видео)


Кыргызстан жана Тажикстандыктардын Москвадагы массалык мушташы соң, Борбор Азиядан келген иммигранттарды кармоого алып келди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Тилек Таалайбеков аттуу  мурдагы эмгек мигранты билдирген.

Анын айтымында, учурда көптөгөн кыргызстандыктар кармалып, документтери текшерилүүдө.

"Көпчүлүк кыргызстандыктар жашаган жерлерде кармалышат. Документтер бардык жерде текшерилет: метронун жанында, дүкөндөрдө, сейил бактарда. Баарын камап, текшерип жатышат. Алар паспортун эртеден кечке кармап турушат. Манжа издери алынат. Алар орой мамиле кылышат. Биздин жигиттер арызданып жатышат, бирок андан эч кандай пайда жок. Мен өзүм полиция бөлүмдөрүндө болдум - аларга адам сыяктуу мамиле кылышпайт", - дейт ал.

Таалайбеков ошондой эле полиция кызматкерлери тарабынан рейддер буга чейин жүргүзүлүп тургандыгын, бирок мигранттар арасындагы акыркы мушташтан кийин окуялар тез-тез болуп тургандыгын айтты.

"Биз ар кандай социалдык медиа топторунда билдирүүлөрдү жана видеолорду бөлүшөбүз. Жигиттер бири-бирине рейддин азыр кайсы жерде болуп жаткандыгы жөнүндө эскертип жатышат. Кармалып калбаганы жакшы. Милиция баардыгын - эркектерди дагы, аялдарды дагы текшерет", - деп жыйынтыктады Тилек Таалайбеков.

Ошол эле учурда Интернетте пайда болгон видеодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери Москвадагы массалык мушташтан улам, күчөтүлгөн рейддер кеминде бир жылга созулат деп айткан.



Узнать больше: https://vesti.kg/kg/okuyalar/item/88925-bul-bir-zhylga-sozulat-silerdin-okuyanardan-kijin-moskvada-kyrgyzstandyktardy-massalyk-turdo-kamakka-aluu-bashtaldyby-video.html - "Бул бир жылга созулат силердин окуянардан кийин ." Москвада кыргызстандыктарды массалык түрдө камакка алуу башталдыбы? (видео) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн