Россия Федерациясынын Москва шаарында эмгектенген мекендештер Ысык-Көл облусуна "Гепарин" медицинадык препаратын жөнөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук администрация билдирди.
Маалыматка караганда, Москвадагы "Ысык-Көл ынтымак" коомунун мүчөлөрү кичи мекенине жардам берүү максатында каражат чогултушкан. Алар жалпы 35 миң 520 рублга "Гепарин" препаратын алып, Ысык-Көл облусунун ооруканаларына жиберишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн