Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасына жана үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна медициналык каражаттар жана дары-дармектер тапшырылды. Бул тууралуу акимиаттан билдиришти.
Маалыматка караганда, аларды Москва шаарында жашап иштеген мекендеш жөнөткөн.
"Мекендешибиз Жазгүл Акбердиева Түп районунун 13 айыл өкмөтүнүн өтүнүчү менен райондук ооруканага жана үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна гепарин, аскорбин кислотасы, натрия хлорид 0,9, клексан, левохлорицин, азимопромицин, цефтракцион, беткап, колкап, индивидуалдуу коргонуучу каражаттар, распираторлорду жана башка медициналык каражаттарды жөнөттү", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн