Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:10
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Москвадагы мушташка катышып кармалгандар менен консулдук кызматкер жолугушту

15.07.2021 17:10
931
Москвадагы мушташка катышып кармалгандар менен консулдук кызматкер жолугушту

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы Москва шаарынын «Кузьминки» метросунун станциясында болуп өткөн окуя боюнча кошумча маалымат таратты.


Россиядагы элчиликтен билдиришкендей, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын кармалган жарандары менен жолугушту. Анын жүрүшүндө жарандарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлдү.


Ошол эле мезгилде Россиянын ИИМнин жана ТИМнин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Ошондой эле элчилик тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына тийиштүү суроо-талаптар жиберилди.


Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.


Белгилей кетсек, 13-июлда ЖМКларда «Кузьминки» метросунун жанында Москвадагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккандыгы айтылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташ болжол менен Кыргызстан жана Тажикстандан келген эмгек мигранттарынын ортосунда чыккан. Андан соң Кыргызстандын 72 жараны кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн