БШКнын ыкчам аракетинин координациялык жумушчу тобуна Россияда жашаган кыргыз жараны Бектур Жумабековдон арыз келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын отурумунда белгилүү болгон.
Ал Москвадагы Кыргызстандын элчилигине катталып жатып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери Садыр Жапаровго добуш бересизби деп сурагандыгын маалымдады. Анын пикиринде, бул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелет.
Материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Пикирлер (1)