Москвадагы тажиктер Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн колдонот. Бул тууралуу Нурзат Осмонова Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Москвада таксист болуп иштеген тажиктердин көпчүлүгү Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн колдонот.
"Жакында Москавада таксиге түшүп калдым. Аны менен маектешип кеттик. Айдоочулук күбөлүк тууралуу кеп козгодук. Ал тажик улутунун өкүлү экен. Анын айтымында, Москавада таксист болуп эмгектенген тажиктер Кыргызстандын күбөлүгүн 200-300 долларга сатып алышат.
Аны көзөмөлдөгөн Мамлекеттик каттоо кызматы кайда карап отурат?",- деп жазган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн