Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Москвадан 426 кыргызстандык келди, арасында 45 практик дарыгерлер бар

12.07.2020 19:02
1274
Москвадан 426 кыргызстандык келди, арасында 45 практик дарыгерлер бар


“Манас” эл аралык аэропорту бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот – Россия авиалиния» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.


Жалпы 426 КР жараны кайтып келди. Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн. 


Бул каттам менен ЖОЖдордо окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар кайтып келишти. 


Ошондой эле Кыргызстанга Россиядагы мекендештердин арасынан 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.


Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн