Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Москвадан Бишкекке 410 кыргыз жараны кайтып келди

26.07.2020 17:59
560
Москвадан Бишкекке 410 кыргыз жараны кайтып келди


Бүгүн, 26-июлда Москвадан Бишкекке 410 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда Москвадан келген 410 кыргызстандыкты тосуп алышты. Алардын арасында 17 жаш бала,  ЖОЖдордо окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, оор илдети бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

 

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштер уланып жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн