Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Москвадан Ошко 160 кыргызстандык жаран келди

13.08.2020 09:36
999
Москвадан Ошко 160 кыргызстандык жаран келди


Москва шаарынан Ошко 160 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, алар 12-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын Москва—Ош багыты боюнча келишти. 


Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн