Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Москвадан Ошко 198 кыргызстандык жаран келди

15.07.2020 11:33
1013
Москвадан Ошко 198 кыргызстандык жаран келди

Бүгүн, 15-июлда Москва шаарынан Ошко 198 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, алар Москва – Ош багыты боюнча «S7 Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келишти. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. 

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн