Бүгүн, 27-июнда Москва шаарынан Ош шаарына 326 кыргызстандык жаран келди, алардын 41и кийинекей балдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандык жарандар "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.
"Бул каттам Кыргызстан жана Россиянын тышкы саясый ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча президент жана өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды",- деп айтылат маалыматта.
Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн