Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Москвадан Ошко 339 кыргызстандык жаран келди

06.08.2020 16:41
924
Москвадан Ошко 339 кыргызстандык жаран келди


Бүгүн, 6-августта Москва—Ош багыты боюнча чартердик каттам менен Россиядан 339 жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, учакта орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.


«Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар кирди», - деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн