Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москвадан келген чартердик каттамда 393 кыргыз жана 9 Россиянын жараны учуп келди

07.06.2020 17:46
1216
Москвадан келген чартердик каттамда 393 кыргыз жана 9 Россиянын жараны учуп келди

 

7-июнунда Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен 402 жүргүнчү учуп келди. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдирди.


Маалыматка ылайык, алардын ичинде 393 кыргызстандык жана Россиянын өтүнүчү менен алардын 9 жараны киргизилген. Бул каттам менен 176 кош бойлуу аялдар, 86 жаш балалуу айымдар, 34 оорукчандар, 25 жашы улгайган жарандар, 34 хостелдердеги аялдар, ошондой эле 8 жакындарын жоготкон жарандар жөнөтүлгөн. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.


Ошондой эле аталган каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору турган “бизнес-класс” орундарын алган 30 жаран келген.


Ал эми оорукчандар жана кош бойлуу айымдар тарабынан берилген маалым каттар жана УЗИ корутундуларын текшеруунун жыйынтыгында, ар кандай патология жана учууга каршы белгилерден улам 25 адам каттамга киргизилген эмес.


Маалыматка таянсак, Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 5 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Москва шаарынын Мэриясы менен биздин жарандарыбызга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн