Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Москвадан келген ыктыярчы дарыгерлерди эмнеге тосуп алышкан жок? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

13.07.2020 09:18
1151
Москвадан келген ыктыярчы дарыгерлерди эмнеге тосуп алышкан жок? Өкмөттүн түшүндүрмөсү


Кечээ Москва шаарынан «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 45 медициналык кызматкер Бишкек шаарына келген. Ыктыярчы дарыгерлер саламаттыкты сактоо мекемелерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштерине жардам берүү максатында келишкен. Бирок, аларды "Манас" аэропортунан эч ким тосуп алган эмес. Аларга ыктыярчылар жардам беришкенин социалдык тармактын колдонуучусу Жаныбек Асанбеков жазган. 


Буга байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы түшүндүрмө берип, медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп келгенин билдирди. 


«Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин республикалык штаб “Манас” эл аралык аэропорту 12-июлда «Аэрофлот – Россия авиалиния» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алганын маалымдаган. 


Маалыматка караганда, бул каттам менен ЖОЖдордо окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар кайтып келишкен. 


Ошондой эле Кыргызстанга Россиядагы мекендештердин арасынан 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишкен. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн