Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

С.Жээнбеков парадга катышуудан баш тартты. Коштоочулардан коронавирус табылды

24.06.2020 13:56
1130
С.Жээнбеков парадга катышуудан баш тартты. Коштоочулардан коронавирус табылды


Президент Сооронбай Жээнбеков, делегациянын мүчөлөрү Москва шаарына баргандан кийин коронавируска карата тест тапшырышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 


Анын айтымында, коштоп барган адамдардын экөөнөн коронавирус аныкталган.


"Буга байланыштуу өлкө башчы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.  


23-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына учуп барган. Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышмак. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн