Активист, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал учурда туугандарынын үйүнө атайын кызмат тарабынан жеткирилген. Эртең эрте менен кайра Москва шаарына учуп кетерин билдирди.
"Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса эрте менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга. Буйруса кененирээк эртең айтамын, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сураймын...", - деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (1)