Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Москванын «Царицыно» районундагы окуяга байланыштуу 4 кыргыз жараны кармалды

17.08.2021 12:45
672
Москванын «Царицыно» районундагы окуяга байланыштуу 4 кыргыз жараны кармалды

Москванын «Царицыно» районундагы окуяга байланыштуу 4 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.


 «Царицыно» району боюнча полиция бөлүмүнө КРнын 6 жараны жеткирилген. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кармалган жарандарга консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү максатында ИИМдин «Царицыно» району боюнча полиция бөлүмүнө 2 жолу барып келген.


Алардын экөө 500 рубль административдик айып салынгандан кийин бошотулган, Кыргыз Республикасынын төрт жараны Россия Федерациясынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.1 -беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 15 суткага административдик камакка алынган.


Белгилүү болгондой, Борбор Азия мамлекеттеринин жаш жарандары футбол ойноп жатып, айтышып кетишкен. Натыйжасында, жакын жердеги үйдүн тургундары полиция чакырышкан.


Элчилик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн