Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева бүгүн, 30-июнда эмне үчүн коронавирус жуктургандар көп чыкканынын себебин түшүндүрдү. Бул ал 24.кг агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте коронавирус жуктургандар туруктуу түрдө 500-600 адамдан табылып турган.
"Бүгүн Бишкекте коронавирус жуктургандар көп чыкканынын себеби бүгүн жеке лабораториялардагы анализдердин жыйынтыгы статистикага кошулган. Бишкекте негизинен башка шаардан келген тургундардан вирус аныкталууда",- деди Мозгачева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн