Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Муфтий Абдикарим Алимбаев менен Баткендеги диний абалды талкуулады

11.08.2021 11:13
635
Муфтий Абдикарим Алимбаев менен Баткендеги диний абалды талкуулады

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапары менен Баткен облусуна келип, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен жолугушту.


Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен жергесине жасаган иш сапарынын максатын айтып, жер-жерлердеги, аймактардагы жергиликтүү тургундар менен ыймандашып, аларга ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып өттү. Муну менен катар «Ыйман кербени» аттуу иш сапардын алкагында дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу экендигин кошумчалады.


Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустук казыят менен тыгыз иш алып барып, учурда чек арадан жабыркаган жарандардын турак-жайын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.


Аталган жолугушууга ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн