Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтий Чубак ажынын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берди (сүрөт)

17.07.2020 18:08
1263
Муфтий Чубак ажынын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берди (сүрөт)

 

Бүгүн, 17-июлда муфтий Максатбек ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте мурдагы муфтий, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүнө зыярат кылып, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.


“Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду. Чубак ажыбыз бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү”, - деген муфтий.


Муну менен катар Максатбек ажы Токтомушев Чубак ажы Жалиловдун балдарын кайраттуу болуп, атадан калган илим жолун улантып, элге, жерге жана мекенге кызмат кылган чыгаан атуулдардан болууга чакырган. Ошондой эле муфтий Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн