Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Муфтий: Эне тилди үйрөнүү тилге болгон урматты көрсөтөт

23.09.2021 14:28
1127
Муфтий: Эне тилди үйрөнүү тилге болгон урматты көрсөтөт

Эне тилибиздин кадыр-баркын өстүрүү башкы милдетибиз. Бул тууралуу Кыргызстандын азирети муфтий Замир кары Ракиевдин бүгүн, 23- сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата билдирүүсүндө айтылат.


"Мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карытып, маданиятыбызда, динибизде, салтыбызда улутубуздун уюткусу бойдон сакталып келе жатат.


Ар бир кыргыз атуулу, өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүп, урпактарга таберик сыяктуу калтырууга милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу ар инсандын маданий деңгээлин, адамдын бийик сапатын, тилге болгон урмат-сыйын көрсөтөт.


Андыктан ар бирибиз эне тилибиздин коомдогу кадыр-баркын өстүрүүдө, анын мындан аркы келечегине, тилге болгон мекенчилдик сезимди бийик тутуп, жайылтуу башкы милдетибиз", - деди муфтий.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн