Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМК КМДБдин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып мекеменин эсепчисин кармаган.
Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылат.
Эскерте кетсек, Максатбек Токтомушев аталган кызматка 2014-жылы дайындалган.
Өз кезегинде коомчулукта бул боюнча элдин дин чөйрөсүндөгү адамдарга ишенимдин жоголуп баратканын айтып, бир топ терс пикирлер жаралып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн