Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Муфтият Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө 200 миң сом тапшырды (фото)

20.07.2020 08:56
2075
Муфтият Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө 200 миң сом тапшырды (фото)


Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ, 19-июлда Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде ыктыярчы медик кызматын аркалап жүрүп, бул дүйнө менен коштошкон Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, Куран окуду.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, Максат ажы Адинай Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи жана анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды.

Ошондой эле азирети муфтий жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Алла Тааладан жакшы тилек, жакшы үмүт кылыңыздар. Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы, бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолуктарына карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык», - деди Максат ажы Токтомушев.

Муну менен катар муфтий учурда өлкө боюнча мекендин тынчтыгы, элдин амандыгы үчүн түлөөлөр өткөрүлүп, Куран хатым кылынып жаткандыгын айтып, мамлекеттин бүтүндүгү, элдин саламаттыгы, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.

Эске сала кетсек, Адинай Мурзабекова 16-июлда борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болчу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн