Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Муфтий Максатбек Токтомушев: Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду

12.07.2020 01:44
1710
Муфтий Максатбек Токтомушев: Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду


Бүгүн биз чоң жоготууга учуруп отурабыз. Үлкөн аалымыбыз Чубак ажы Жалиловдон айрылдык, деп билдирди Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев маркумдун жакындарына көңүл айтып жатып.

Оор кабарды угуп, кабыргам кайышты. Бүгүн дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу”, - деп белгиледи муфтий.

Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам дининин коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Маркум Чубак ажы коомдун өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон өз элинин азаматы эле. Ал аз өмүрүндө элдин руханий жаткан оңолуусуна өз өмүрүн арнады.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен ажыкемдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, кайрат кылыңыздар анткени, бул жалган дүйнөдө эч бар жан тирүү калбайт. Ыйык Курани Каримде: “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156) деп айтылган”, – деди Токтомушев.

Ошондой эле ал Алла Таала Чубак ажынын үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсүүсүн, Жараткан Алла Таала маркум Чубак ажыга рахмат эшиктерин ачып, Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун берүүсүүн тиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн