Кыргызстан
мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 4-октябрда
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Муфтияттын маалыматына караганда, Максатбек ажы Токтомушев жарандык милдетин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында аткарды.
Добуш берип чыккандан кийин муфтий шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл журтка амандык, биримдүүлүк каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн