Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Муфтий Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарындагы дин кызматкерлери менен жолукту

25.08.2020 19:17
984
Муфтий Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарындагы дин кызматкерлери менен жолукту

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарындагы Имам аль-Бухарий Алай мечитинде имамдар жана медресе мүдүрлөрү менен жолугушуп, алардын отчётун укту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 25-августта муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында борбордук “Имам аль-Бухарий Алай” мечитинде шаардагы бийлик өкүлдөрү, жалпы мечит имамдары, медресе мүдүрлөрү жана мугалимдер менен жолугушту.

 

Аталган иш-чарага Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, СЭСтин орун басары Сүйүн Курбаназаров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев катышкан.

 

Жолугушуу алкагында нике каттоо журналынын ишке ашуусу, диний окуу жайлардын  абалы жана  жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулар, онлайн режиминде сабак өтүүгө даярдыктар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аны бекемдөө боюча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү, ысырапкерчиликти токтотуу маселеси каралган.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн