Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу "КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Анын маалыматы боюнча, Ракиев "Синофарм" кытай вакцинасынын биринчи дозасын алды жана өзүн жакшы сезип жатат.
Мындан мурда КРнын аалымдар кеңеши COVID-19га каршы вакцинанын зарылдыгы тууралуу фатва чыгарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн