Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Муфтий Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

20.07.2021 09:47
1488
Муфтий Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады


Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин Курман айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.


Төмөндө Муфтийдин куттуктоо сөзү:


Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм. 


Кирип келген куттуу Курман айт майрамы баарыбызга жакшылыкты, молчулукту, токчулукту, бакубат жашоону алып келсин. 


Бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга, жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга кол сунууга, көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн. 


Урматтуу мекендештер! Тилекке каршы дүйнөлүк пандемиядан улам бул жылы дагы ажылык иши болбой калды. Мусулман бир туугандарыбыз бул күндөрү Арафат тоосуна барып, мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын Жараткандан жалбарып Алла Тааладан тилеп, дуба кылышаар эле. Кудайым буюрса кийинки жылкы Курман айтта ажылыкка баруу, Арафат тоосуна чыгуусуна ар бир момун мусулманга насип этсин.


Азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык сакталып турат. “Ар бир жандын саламаттыгы аманат”. Кара тумоодон Жараткан Алла Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Алла Таалам шыпаасын берсин.  


Урматтуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Элибизге ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун! Курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын Жараткан кабыл кылып, ырыскыларын кең кылсын! 


Сиздерди терең урматтоо менен, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн