Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтий Замир кары дүйнөлүк Куран жарышынын жеңүүчүсүн тосуп алды

01.11.2022 15:28
484
Муфтий Замир кары дүйнөлүк Куран жарышынын жеңүүчүсүн тосуп алды


Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган муфтият жамааты Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурсунун жеңүүчүсү Мухаммадали кары Умаровду тосуп алды. Окуусуна байланыштуу кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 1-ноябрь күнү келген Мухаммадали карыны жылуу тосуп алган Азирети Муфтий жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


“Куранды жаттоо, жаттоо менен бирге Куран чийини менен жашоо бул дүйнөдөгү эң кайырдуу иш экени маалым. Ыйык Куран акыретте да окуган кишисине шапаатчы болот. Жергебизде Мухаммадалидей карылардын чыгышы Алла Тааланын нимат-жакшылыгы. Мухаммадалидей хафизди тарбиялап өстүргөн ата-энесине алкыш”, – деп билдирди.      


Азирети Муфтий өз сөзүндө кыргыз карылары буга чейин да дүйнөлүк деңгээлге чыгып келгенин, учурда да карылардан уучу кур эмес экенин, бир катар мыкты карылардын жетилип келе жатканына токтолду. 


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Сауд Арабиянын Мекке шаарында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп, анда Кыргызстандын атынан катышкан Мухаммадали кары Умаров жеңүүчү болгон. Баш байгеге коюлган 250 миң риалды (5.5 миллион сом) утуп алган 24 жаштагы кыргызстандык хафиз окуусуна байланыштуу Кыргызстанга келе элек болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн