Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтий быйылкы Орозонун артыкчылыгын айтты (видео)

24.04.2020 13:00
1123
Муфтий быйылкы Орозонун артыкчылыгын айтты (видео)


Кыргызстандын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушев Орозонун алдында элге кайрылуу жасап, быйылкы Рамазан айынын артыкчылыктарын айтып берди.

 

Орозонун башкы максаты


Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар Рамазан айынын алдында турабыз. Касиеттүү Рамазан айында күндүзү Аллах таала фарз кылган орозону тутуп, кечинде намаздарды окуп, тилектерди кылуунун негизги максаты аруулук, тазалануу, оңолуу. Ушуларды ишке ашырганга Аллах таалам өзү жардам берип, туткан Орозолорубузду кабыл кылган болсун.


Рамазан айынын артыкчылыгы


Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. өзүнүн жашоосунда тогуз жолу Рамазан айынын Орозосун кармаган. Жана бул Рамазан айынын касиети, асмандагы баардык китептер, адам баласынын туура жолго, бактылуулугуна түшүрүлгөн китептердин баары ыйык Рамазан айында түшкөн. Чоң-чоң жеңиштер Рамазан айында болгон, Меккени жеңүүсү жана башкалар. Рамазан айындагы кубаныч бул жалгыз эле тирүүлөргө эмес, дүнүйөөдөн өтүп кеткендерге дагы, анткени ооз ачар мезгилде Жараткан зат күн сайын миңдеген, миллиондогон кишилерди Рамазан айынын себебинен тозоктун отунан куткарат.


Рамазан айынын сообу


Пайгамбарыбыз С.А.В айткан эгерде менин үммөтүм Рамазан айынын кадырын билгенде, жыл бою Рамазан болсо экен деп арман кылмак эле деген. Анткени бул касиеттүү айда Аршты көтөргөн 8 периштеге дагы Аллах таала силер өз ибадатыңарды койо тургула дагы, Орозо туткандарга күнөөлөрүн кечирүүгө дуба кылуусуна дуба кылгыла, дубаларына амин дегиле дейт экен. 70 миң периште таң аткандан кун батканга чейин, ким орозосун кармаса ага дуба кылат.


Орозонун пайдасы


Момун адамдын ырыскысы көбөйөт. Бул ай сабырдуулуктун айы болуп жатат. Аллах таала Орозо мен үчүн, мунун сообун мен берем дейт, мунун сообу, сыйлыгы мен өзүммүн деп бир гана Орозого айткан, анткени бул касиеттү айдын себебинен Аллах таала бейиштин эшиктерин ачып, пенделердин күнөөлөрүн кечирип, тозоктун эшигин жаап, көптөгөн күнөө иштер, кан төгүүлөр, зордук-зомбулуктар болуп жатса, эми бизге ынтымагыңарды бекемдеп алгыла деп мүмкүнчүлүк берип жатат.


Рамазан айында аткара турган үч нерсе


Биз бул касиеттүү айдын берекеси менен үч нерсени ишке ашырышыбыз керек.

1. Жараткан Алла менен болгон байланышты оңдө керек.

2. Ата-эне, бала-чака жана кошуна-колоңдөр менен мамилени оңдо керек.

3. Өзүбүзгө-өзүбүз сый көрсөтүшүбүз керек, абийрибизди сакташыбыз керек жана өзүбүздү тозоктун отунан куткарганга, күнөөлөрдөн алыс болгонго умтулушубуз керек.


Рамазан кайрымдуулуктун жана кечиримдүүлүктун айы.


Рамазан айы кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы, ушул айда ким Орозо туткан бир эле адамга ооз ачтыра турган болсо Пайгамбарыбыз айткан анын баардык күнөөлөрү кечирилет деген. Тозоктун  отунан куткарылат жана Орозо туткан киши канча сооп тапкан болсо, ошончо сооп табат деген.


Бул жылдагы Орозонун артыкчылыгы


Баарыбыз Рамазан айындагы Орозону үйдөгү бала-чака менен кармайбыз. Быйылкы орозонун өзгөчөлүгү ушунда турат. өоз ачарда үй-бүлөбүз, ата-эне, бир туугандарыбыз менен бирге болуп, беш убак намаз менен тарава намаздарын үйдөн окуйбуз, абал турукташканга чейин. Учурдагы абал боюнча атайын жоопкерчиликтүү штаб бар, элибиздин коопсуздугун, жоопкерчилигин максат кылып иштеп жатат. Алар айткан тартипти бекем карманалы, үйдө дуба кылсак да Аллах таала кабыл кылат. Жараткан Аллах кайсыл гана жерде болбосун бар, баардык жерде угат, көрөт, ушундан улам был жылдын өзгөчөлүгү үйлөрдө таравий намаздары окулганында. Оюмча мунундагы көптөгөн даанышмандыгы бардыр, анткени үй-бүлө, бала-чакага көп көңүл бурулбай калгандыр. Ушундан улам Аллах таалам быйылкы рамазан айды үйдө кармагылачы, бала-чака менен чогу болгулачы, мына ушуларды кадырлап, бир-бириңер менен чогу дуба кылып, үйдө дагы намаз окугула деп ушундай берип койгондур. Булдагы өтөт-кетет деген ойдобуз.


Эске салсак, 2020-жылдагы Рамазан айы 24-апрелден 23-майга чейин. ал эми Кадыр түн Орозонун 25нен 26сына караган түнү деп белгиленген.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн