Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтий дүйнөдөн өткөн аалымдын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берди (видео)

17.07.2020 13:58
1049
Муфтий дүйнөдөн өткөн аалымдын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берди (видео)

 

16-июлда муфтий Максатбек  ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте маркум Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүн зыярат кылып, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Аалымдар пайгамбардын мураскору. Биз үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы болду. Сабыр кылыңыздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Алла Таалам насип этсе  Садридин ажынун уулу атасындай мыкты ааламдардан болот деп үмүт кылабыз”, - деген муфтий.

Муну менен катар Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев бул илдеттин мамлекетибизден кетүүсүн Жараткан Алла Тааладан тилеп, учурда өлкө боюнча курмандыктар чалынып, түлөөлөр өтүп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле эл арасынан мыкты улан-кыздар чыгып, эл камын көрүп, керектүү жабдыктар, дары-дармектер менен жардам берип жаткандыгы Алла Тааланын алдында өтө соопту амал экендигин баса белгилеген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн