Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтий мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди жана тартипти так сактоого чакырды

14.06.2020 09:18
1155
Муфтий мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди жана тартипти так сактоого чакырды


Мечитке жума намазын окуганы келген жамаат алдында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасап, Республикалык штабдын алгоритимине ылайык, мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди, тартиптерди так сактоого чакырды.

 

«Бардыгынын өзүнүн эрежеси, жол-жобосу жана тартиби бар. Адам баласы ооруканага түшүп, айыккандан кийин дароо эле бардык тамакты жей бербейт. Мүнөздөп, акырындык менен ден соолугу жакшы болгуча этап-этабы менен алдыга жылат. Ал дароо эле атты чаап мине албайт. Мурунку калыбына келгиче бир топ этияттык эрежелерди кармайт. Мамлекетибиз көрүп жаткан камкордук жана сактык чаралары дал ушундай тартипте уланууда. Учурда кээ бир адамдар ооруга көңүл кош мамиле кылып, базарларда деле эл беткапсыз жүрөт деп салыштыргандар бар”, - деди муфтий.


Анын айтымында, базар элге үлгү алып келүүчү жай эмес. «Биз тартиптүүлүктү, эрежелерге баш ийип, башкаларга үлгү болуучу сапатты көрсөтүшүбүз керек. Бардык нерсе акырындык менен өз ордуна келет. Андыктан бири-бирибизди туура түшүнүп, жардам берип, сабырдуулукка чакыралы», - деди Токтомушев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн