Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтий митингде жаракат алып, ооруканада дарыланып жаткан милиционерлерден кабар алды

12.10.2020 16:27
483
Муфтий митингде жаракат алып, ооруканада дарыланып жаткан милиционерлерден кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкектеги митингде жаракат алып, республикалык ооруканада дарыланып жаткан милиция кызматкерлеринен кабар алды.  Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушууда муфтий жаракат алган бардык милиция кызматкерлеринин тез сакайып кетүүлөрү үчүн жана мындан ары мекенибизде тынчтык, элибизде бейкутчулук, бүткүл ааламда ар кандай апааттардын болбоосу үчүн дуба кылды.

«Жараткан Алла Таалам шыпаа берип, тез сакайыңыздар. Өлкөбүздө ынтымак менен биримдик болуп, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун», - деди муфтий.

Муну менен катар Максатбек ажы Токтомушев дарыланып жаткан милиция кызматкерлерине дары-дармек жаатында кандайдыр бир жардам керек болсо,  көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн