Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Муфтийи Замир кары Ракиев жума намазга катыша турган мусулмандарды санитардык-эпидемиологиялык шарттарды так сактоого чакырды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
"Урматтуу мусулман бир туугандар! Жума күнүңүздөр маарек болсун. Алла Таалам элибизге тунук ыйман, биримдик жана молчулукту насип кылсын. Алла Таалам мамлекетибизди ар кандай апааттардан, оорулардан, кырсыктардан сактасын. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдө ыймандын нуру ыроолоп, текеберчилик, көралбастык сыяктуу адаттардан Жараткан сактасын.
Урматтуу бир туугандар! Аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштарым. Кыргызстанда эле эмес ааламда коронавирус оорусу күч алып турган мезгил. Өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн ден соолугун сактайлы! Ал үчүн КР саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коюлган эрежелер бар.
Жума намазына келүүдө санитардык талаптарды бекем сактайлы!
- Беткап тагынуусу талап кылынат
- 1,5 метрдик аралыкты так сактоо
- Кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат
-Дааратты үйдөн алуу сунушталат
-Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат
- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат", - деп жазылат Муфтийдин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн