Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Муфтият: "Коронавируска байланыштуу Жума намаздары токтотулду" (Видео)

17.03.2020 20:36
950
Муфтият:  "Коронавируска байланыштуу Жума намаздары токтотулду" (Видео)


Коронавируска байланыштуу Жума намаздары токтотулду. Бул тууралуу  Кыргызстан мусулмандарынын дин  башкармалыгы маалымат таратты.


Ага ылайык, коронавирус эл көп топтолгон жерлерде жугуу коркунучу чоң болгондуктан Жума намаздарын кырдаал турукташканга чейин токтото туруу чечимин кабыл алган. 


Бирок мечиттер жабылбайт, намаз учурунда азандар айтылып турат. 


Төмөндө Муфтий Максат ажы Токтомушевдин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


"Бисмиллахир рахмаанир рахиим!!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулман бир туугандар!

Аллах Таала бул дүйнөнү сыноо жайы кылып жараткан. Кээде жакшылык менен, кээде жамандык менен, кээде ден соолук, кээде оору менен сынайт.

Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус оорусу бүткүл дүйнөгө тарап жатат. Бүгүнкү күндө ушул коронавирустун өлкө аймагында кеңири тарап кетпеши үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы өлкөдө маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларына чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле, диний башкармалыкка  өлкөдөгү диний мекемелердеги  иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча сунуштарын берди.

Урматтуу мекендештер! Адам баласынын жанын,  мал-мүлкүн, ишенимин, аброюн, ден соолугун сактоо динибиздин негизги максаты. Ошондуктан, ден соолукка коркунуч жаралган абалда, шариятыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдиктерге уруксат берген.

Ислам динибиз оордукка эмес, жеңилдике негизделген.

Алла Таала: “Алла силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт” (Бакара, 185), ошондой эле башка бир аятта “Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла” (Бакара, 195) – деп буйруган.

Ал эми Пайгамбарыбыз (САВ) хадисинде  “Өзүңө да, өзгөгө дагы зыян бербе” — деп айткан.  Демек, адам  өзүнө зыян болчу нерселерден жана башкаларга зыян берүүдөн сак болуусу зарыл. 

Ушуга байланыштуу, дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды: 

1.   Кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун.

2.    Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун.

3.    Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат.

4.    Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин.

5.    Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.   

Урматтуу мекендештер! Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мындай кыйын учурларда Алла Таалага кайрылып, күнөөлөргө кечирим сурап, тообо кылып, дуба кылууга чакырат.

Ошондой эле, элибиздин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган сактык чарларалды аткаруу ар бир мекендешибизге милдеттүү.

Эл башына кыйын күн келип турганда, учурдан пайдаланып күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жана башка буюмдарга бааны атайлап көтөрүү, бул чоң күнөө жана арам. Биз буга жол бербешибиз керек. Жараткан Алла Таала элибизди, мамлекетибизди, бүткүл адамзатты ар кандай жамандыктан, апаат-балээден, бардык оорулардан жана өзгөчө коронавирстан сактасын. Аминь

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев"


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн