Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 17:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтият №1 шаардык оорукананын кызматкерлерине 3 миң сомдон берди

23.07.2020 13:27
837
Муфтият №1 шаардык оорукананын кызматкерлерине 3 миң сомдон берди


Бишкек шаардык Борбордук мечити №1-шаардык клиникалык оорукананын 51 кызматкердин ар бирине 3 000 сомдон акчалай жардам берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин атынан №1 шаардык оорукананын 51 кызматкерине 3 000 сомдон акча жана 100 даана N95 тибиндеги беткаптарды жардам катары жеткирип берген.


Бул  иш-чарага Бишкек шаардык казыятынын өкүлү Муктарбек ажы Джусупбеков жана жеке ишкер Сталбек Акматов катышып, медицина кызматкерлеринин жасаган кызматы өтө маанилүү экендигин айтып өткөн.


“Негизи Исламда жардам берүү садака кылуу деген жашыруун болгону сооптуураак болот. Купуя жасалганы жакшы. Бирок биздин аалымыбыз Чубак ажынын айткан сөзү бар эле: Мындай учурда садака жария башкача айтканда башкалардын да үлгү алып жардам кылуусуна түрткү болуу үчүн садаканы ачыктан берсеңер жакшы болот” деген. Ошондуктан мындай иш-чараларды уюштуруп, элге жарыялап жатабыз,- деген Муктарбек ажы. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн