Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационарга 1415 орун берүүгө даяр (видео)

09.07.2020 09:09
1152
Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационарга 1415 орун берүүгө даяр (видео)

Муфтият обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1 миң 415 орун берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдиргенин муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.  

Муфтийдин айтуусунда, ушул күнгө чейин 7 диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулдашып, обсервация катары пайдаланууга берилген.

"Премьер-министр Кубатбек Боронов, муфтият, казыят жана Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши менен макулдашып, республикадагы 29 диний окуу жайды обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз. Жалпы ал жерде 1 миң 415 орундук болот. Бул элибизге дин кызматкерлеринин жардамы", - дейт муфтий Токтомушев.

Анын билдирүүсүнө караганда, Орозо айында жана карантин мезгилинде муфтият, облустук казыяттар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы суммасы 37 млн сомго жардамга муктаж болгондорго тамак-аш түрүндө көмөк көрсөткөн.

"Быйыл мечиттерибиз карантин учурунда жабык болгондуктан улам садака-битир 11 млн сом гана чогулду. Албетте, быйыл кырдаалдан улам аз топтолду. Ошентсе дагы садака-битирди муктаждарга толугу менен таратып бердик. Элибизге ыраазычылык билдирем. Учурдан пайдаланып дарыгерлерге, кыйын мезгилде жардам колун сунуп жаткан жоомарт мекендештериме чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Кудайым бергендерге өзүнүн берекесин эселетип берсин. Дарыгерлерге жалпы муфтияттын айтынан терең ыраазычылык билдирем. Биз эл менен биргебиз. Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар. Алла Таалам ооруну күчөтпөсүн, керек болуп калса, анда буларды дагы карап көрүүгө даярбыз", - деп айтылат муфтийдин билдирүүсүндө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн