Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Муфтият 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таркатты (фото)

14.05.2020 19:22
990
Муфтият 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таркатты (фото)


Бишкек шаары менен Чүй облусундагы муктаж 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Чүй районунун хатибияты жана кайрымдуу жарандардын демилгеси менен Чүй районунда 200 үй-бүлөгө күнүмдүк азык-түлүк тапшырылган.


Ошондой эле, Бишкек шаарындагы Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан “Латифа” мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен 100 үй-бүлөгө жардам баштыктары берилген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кулматова Жийдегул
Саламатсыздарбы бизге даагы жардам берсениздер жакшы болот эле.Квартирада жашайбыз 17 жылдан бери 3 балам бар 0708814205 менин номерим