Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият 65 жашка чейинки жаштагы бардык жарандарга ажылык сапарына барууга уруксат берилгенин билдирди

05.05.2022 15:37
1149
Муфтият 65 жашка чейинки жаштагы бардык жарандарга ажылык сапарына барууга уруксат берилгенин билдирди

Ажылыкка барууга 65 жаштан төмөнкү, Кыргызстандын бардык жарандарына мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, мурда ажылыктын базасына катталбаган 65 жаштан төмөнкү жарандарды каттоого алуу 6-майдан 11-майга (РСК Банктын иш убактысы бүткөнгө) чейин жүргүзүлөт.

"Талапкерлер облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда РСК банкына 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы", — деп айтылат маалыматта.


Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ал 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына, аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн кыргызстандыктарга берилери айтылган. Ар бир талапкер ажылык сапарына болгон төлөмдөрүн 30-апрелге төгүшү керек болчу. Бирок ар кандай себептер менен жетише албай калгандарга 6-майдан 11-майга чейин төлөө мөөнөтү узартылат.


Муфтият төлөгөндөрдүн саны зыяратчыларга берилген квотадан ашып кеткен учурда кезекке калтырыларын эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн