8-июндан тарта мечиттерге келүү тартибин жана талабын так сактайлы. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык өлкө аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 8-июндан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат.
ТАЛАПТАР:
Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;
Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек;
Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл;
Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл;
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет;
Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.
СУНУШТАР:
Дааратты
үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү
Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү;
Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү;
Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн