Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы мекендештерге жардам баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде Москва шаарындагы жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып берилген. Ал эми жардамдын жалпы суммасы 40 миң рублди түзгөн.
“Биз дагы ушундай оор кырдаалда кол куушуруп карап турбастан, колубуздан келишинче иштебей үйүндө отуруп калган мекендештерге жардам бергибиз келди. Аларга күнүмдүк тамак-аш азыктарынан ун, май, макарон, пияз, картошка, күрүч, гречка, курма, бет кап, намаз китеби салынган баштыкчаны таратып бердик. Мындай кайрымдуулук жардамы дагы уланат”, - деген КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн