Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы көчөлөрдө сатылып жаткан орозо календарлары боюнча билдирүү таратты.
"Базарларда кагаз түрүндө Орозо 13-14-апрелде башталат деген календарлар сатылып жатат. Ооз ачуу жана бекитүү убактысы баарында эле туура эмес. Ал календарлардын арасында Муфтият көрсөткөн убакытка дал келбеген убакыттар да көрсөтүлүп калган. Бул болсо Орозо кармаган адамдын орозосунун бузулушуна себеп болуп калышы мүмкүн. Урматтуу мусулмандар, Орозо календарын алып жатканда ишеничтүү булактардын убактысына карап алууңуздарды суранабыз",- деп билдирди Муфтияттан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн