Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт

06.07.2022 17:36
850
Муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт


Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын кабарлады.

“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, - деп белгиленген билдирүүдө.

6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, "аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады" деп айтканын көрүүгө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн