Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын териштирип чыкты

08.07.2022 09:09
521
Муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын териштирип чыкты


Садыбакас ажы Дооловдун айткандары адамдын ар намысына шек келтирбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Муфтият социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын абройуна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады.

"Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Кийин Муфтият бул боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын маалымдаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн