Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 13:16
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Муфтият Сузак районундагы желекти өрттөгөн окуя боюнча комментарий берди

04.06.2024 11:35
363
Муфтият Сузак районундагы желекти өрттөгөн окуя боюнча комментарий берди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сузак районундагы желекти өрттөгөн окуя боюнча комментарий берди.


Муфтият жарандарды өлкөнүн мамлекеттик символдорун аздектеп, кадырлоого чакырды.


"Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле башкармалык кыргызстандыктарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды.


Сузактын Бек-Абад айылындагы эки мектептин үстүндөгү желекти 30-майда белгисиз бирөөлөр өрттөп, ордуна арабчага окшош жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кеткен. Ошондой эле желек айыл өкмөттүн имаратына дагы илинген. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн