Жалал-Абад жана Нарын облустарында 216 үй-бүлөгө ооз ачарга азык-түлүк салынган баштыктар таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-май күнү Жалал-Абад облустук казыяты “Исар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун аймагында жашаган 96 жетим балага ооз ачаар баштыкчаларын тараткан.
Ошондой эле, Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан да рамазан айынын урматына Нарын шаарындагы 120 үй-бүлөгө ооз ачар баштыктары берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн