Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2023-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Конкурска Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КР жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.
"Конкурстун жыйынтыгында 2023-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн Jazeera Airways авиакомпаниясын тандап алышты",- деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн