Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады

14.11.2023 11:30
179
Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады


Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел тигүүчүлөр ортосунда (физикалык жана юридикалык жактар) конкурс жарыялайт.

Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 13-ноябрынан 29-ноябры, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн кеч берилген арыздар каралбайт. Ал эми конкурс 5-декабрда өтөт.

Тигүүчүлөргө коюлган талаптар:

1.Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын (УРШ) атына арыз;
2.Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү;
3.Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
4.Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү;
5.Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (КР ИИМдин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат);
6.Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат);
7.Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер;
8.Реквизиттер;
9.Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;
10.УРШ мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;
11.Ажылардын тапочкалары жана буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.

Конкурс тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот: Бишкек ш, Жолу-Көчөсү 234/3.

Байланыш телефону: 0778/0708 48-61-67, электрондук дареги: [email protected]

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн