Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 04:10
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Муфтият халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачты

03.06.2021 17:08
1154
Муфтият халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачты

 Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкөдөгү халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачты.


Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган бөлүмгө Бактияр Токтогазы уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койду.

Мындан ары КМДБнын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн